Быйыл Казакстанга 1,4 миллион турист келери күтүлүүдө

Быйыл Казакстанга 1,4 миллион турист келери күтүлүүдө

Мындай божомолду өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Бул биринчи кезекте  өлкөгө болгон кызыгуунун артып баратканынан кабар берет деп маалымдайт мекемеден. Соңку мезгилде Индия менен Германиядан Казакстанга туристтердин агымы көбөйгөнү байкалат. Чет элдик коноктор көбүнчө Акмола, Алматы, Маңгыстау, Түркестан жана Абай облустарында эс алуу жайларын тандашат. Белгилей кетсек, өлкөдө Tax free чет элдик туристтер үчүн салыкты кайтаруунун дүйнөлүк практикасы киргизилген. Айрым чет элдик жарандар үчүн Казакстанга визасыз кирген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилүүдө.

Асхат Оралов, Маданият жана спорт министри:

- Туристтердин агымы көбөйүүдө. Айрыкча Ирандан келген саякатчылардын саны кескин көбөйдү. Эске сала кетсек, визасыз режимге мамлекет башчынын аталган өлкөгө жасаган иш сапарынын жыйынтыгында кол коюлган. Быйыл Нооруз майрамынын алдында Маңгыстау облусунун Актау шаарына Ирандан 300 турист келген. Кытайдан келген туристтердин саны да өсүүдө. Орусия, Түркия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген туристтердин агымы кескин түрдө артып келүүдө.

Ички саякатчыларга келсек, алардын саны 8,6 миллион адамга жетти. Бул пандемияга чейинки деңгээлден 2 миллионго көп.

Асхат Оралов, Маданият жана спорт министри:

- Маданият жана спорт министрлигинин 7 жылдык туризм тармагын өнүктүрүү концепциясына ылайык, 2029-жылга чейин ички туристтердин санын 11 миллион адамга жеткирүү пландалууда. Пандемияга чейин алардын саны 6 миллиондон бир аз ашкан. Башкача айтканда, эки эселенген максат. Негизгиси - жеткиликтүүлүк жана сапат.

Белгилей кетсек, 2029-жылга карата мамлекеттин алдында саякат жана туризмди өнүктүрүү боюнча глобалдык индексте кеминде 50 мыкты өлкөнүн катарына кирүү милдети турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков