Б.Римованын 100 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙдун деңгээлинде белгиленет

Астанада Бикен Римова атындагы Талдыкорган драма театрынын гастролдук сапары өттү. Искусство жамааты борбор калаанын тургундары менен меймандарынын назарына эки спектакль тартуулашты. Алардын бири жаш драматург Колганат Мураттын «Мугалим» пьесасынын премьерасы болду. Социалдык драма мугалимдердин макамын жогорулатууга багытталган. Сюжет бүгүнкү күндө мугалим менен окуучунун ортосундагы татаал мамиленин тегерегинде жүрөт. Искусство сүйүүчүлөр коому Бикен Римова жазган «Кош кайгы» аттуу спектаклине да күбө болушту. Спектаклде коомдогу карылар маселеси чагылдырылган. Белгилей кетсек, театрдын быйылкы гастролу Казакстандын эл артисти Бикен Римованын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүүдө. Сахнанын ачылышы ТҮРКИСОЙдун деңгээлинде белгиленип жатат. Жыл аягына чейин эл аралык уюмдун колдоосу менен Анкара жана Стамбул шаарларында таланттуу сүрөтчүнүн өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көчмө көргөзмө уюштурулат. Кошумчалай кетсек, Бикен Римованын урматына өлкөдө эл аралык театралдык сынак өткөрүлөт.

 

Ерлик Жуасбек, Б. Римова атындагы Талдыкорган драма театрынын мудүрү:
-Эл аралык фестиваль аяк оона айынын 29нан тогуздун айынын 4нө чейин өтөт. Жер бейиши Жетисуда облустук акимчиликтин жана ТҮРКИСОЙдун колдоосу менен сынакка чет өлкөлөрдөн 5 театр келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүшсө, республикабыздан 6 театр катышат. Азербайджан, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн өнөрпоздор келишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков