Казакстан БАЭда өткөн туристтик көргөзмөдө сыйлыкка ээ болду

Казакстан БАЭда өткөн туристтик көргөзмөдө сыйлыкка ээ болду

Казакстан Дубайда өткөн ири көргөзмөдө дал ушундай өзгөчө сыйга ээ болду. Төрт күнгө созулган Arabian Travel Market иш-чарасына дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсүнөн 2 миң компания катышты. Өлкөнүн бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин 13 туроператор, 5 мейманкана жана ата мекендик ири авиакомпания, Шымкент менен Жетису облустарынын туризм администрациясы сунушташты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө жергиликтүү компаниялар чет элдик өнөктөштөр менен бир нече келишимдерге кол коюшуп, эл аралык өнөр жайдын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. Казак улуттук туристтик компаниясынын өкүлдөрү белгилегендей, учурда Бириккен Араб Эмираттарынан өлкөгө конокторду тартуу аракеттери көрүлүүдө. Маселен, аталган мамлекеттин жарандары үчүн 30 күнгө чейин визасыз режим киргизилди. Ошондой эле быйылкы жылдан тарта Астана менен Алматы шаарларын Дубай жана Абу-Даби менен байланыштырган түз авиакаттамдардын саны бир топ көбөйдү.

Шырын Мусина, «KAZAKH TOURISM» УК департаментинин мүдүрү:

- Бул көргөзмөгө катышуу казакстандык компанияларга келишимдерди түзүүгө жана биздин өлкөгө туристтерди тартууга багытталган эл аралык туристтик операторлор менен көптөн бери калыптанып калган өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Биздин стенд Жакынкы Чыгыштын, Индиянын жана Кытайдын чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду. Казак стендинин түзүлүшүнө жана көрсөтүлүшүнө салым кошкон бардык адамдар алдыга койгон максаттарын ар-намыс менен аткарышты. Бардык 4 күн абдан жигердүү өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков