Дүйнөнүн эң бийик чокуларын багындырган казак-француз саякатчылары
борбор калаадан анча алыс эмес Косшы шаарында чогулушту. Эки өлкөнүн
саякатчылары «Теңир асманы алдындагы окуялар» аттуу алгачкы франко-казакстандык
фестивалга жыйналды. Анда географ-илимпоздор экологиялык изилдөөлөргө
байланыштуу долбоорлорун сунуштады. Белгилүү альпинисттер бийик чокуларды
багындыруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында
кинофесивал уюштурулду. Көрүүчүлөр дүйнөгө белгилүү ата мекендик жана француз
саякатчыларынын кызыктуу саякаттарын баяндаган даректүү тасмаларды көрүштү.
Ориан Аймар, альпинист, Франция:
- Бул менин Казакстанга болгон биринчи сапарым. Дароо өлкөнүн тоолоруна көз чаптырдым. Мен бул жерде үч күн гана турам. Өлкөнүн аймагы абдан чоң. Кыдырууга бир аз убакыт кетет. Ошондуктан, кооз көрүнүштөрдү көрүү үчүн атайын келем. Бул жолу мени Франция элчилиги казакстандык коомчулукка «Эверест: Кудай-эне» тасмасын сунуштоо үчүн чакырды. Мен анын эң бийик чокусун багындырдым.
Сильван Гиоге, Франциянын
Казакстандагы элчиси:
- Биринчи иш-чара көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратканын көрүп жатабыз. Ошондуктан бул фестивалды улантып, салтка айлантабыз. Кийинки жолу Францияда, балким Казакстанда уюштурабыз. Анткени бул жердеги табигый көрүнүштөр эч кимди кайдыгер калтырбайт. Фестивалдын алкагында биз өлкөнүн Алтай, Маңгыстау сыяктуу башка аймактарын камтыгыбыз келет.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

