«Темирбек Жүргенов» китебинин бет ачары өттү

«Темирбек Жүргенов» китебинин бет ачары өттү

Анкарада Алаштын сыймыгы Темирбек Жүргеновдун ысымы урматталды. Мамлекеттик жана коомдук ишмердин 125 жылдык мааракесине карата Казакстандын Түркиядагы элчилиги китеп басып чыгарды. Темирбек Жүргеновдун аты менен жарык көргөн чыгармага Алмас Алматов, Бекаырстан Мырзабай, Бауыржан Имангалиев сыяктуу Казакстандын белгилүү инсандарынын эмгектери орун алды. Китептин автору Жүргенов атындагы фонддун жетекчиси Саби Аңсатов. Белгилей кетсек, жакында 2023-жыл түрк дүйнөсүндө Темирбек Жүргенов жылы деп жарыяланды.

Саби Аңсатов, Темирбек Жүргенов фондунун башчысы:

Жүргеновдун Борбор Азия үчүн жалпы инсан катары аткарган кызматтарына ылайык, түрктөрдүн руханий дүйнөсүн бириктире турган жакшы иш-чара болмокчу. Бүгүнкү китептин бет ачарына келсек, ал толугу менен менин китебим эмес. Бирөөнүн эмгегин уурдагым келбейт. Ичинде анын төрт чоң макаласын жаздым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков