АКШ жараны казак балдарына сабак берүүдө

АКШ жараны казак балдарына сабак берүүдө

Мындай  ыкманы Казакстанда жашаган АКШнын жараны Эван Аллен колдонот. Жада калса казак тасмаларын котормосуз көрүүнү адатка айландырган. Ошентип аз убакыттын ичинде казак тилин үйрөнүп, өткөн жылдын аяк оона айында «Фулбрайт» программасы менен Тараз шаарына отурукташып, жогорку окуу жайда сабак берип жатат.

Эван Аллен, М.Х.Дулати атындагы Тараз аймактык университетинин дүйнө тилдери кафедрасынын окутуучусу:

- Мен казак тилин мындан 3-4 жыл мурун баштагам. Биринчиден, мен өз алдымча окудум. Казак эли абдан ынтымактуу эл. Мен французча билем, ошондуктан француз тилинде «г» деген тамга бар, «г», «ү», «и» бул тамгалар мен үчүн анча деле кыйынга турбады. Мен үчүн орус тилине караганда казак тилин үйрөнүү оңой.

24 жаштагы АКШнын жаранын университетте кесиптештери жана студенттери Айкын деп аташат. Ал билбегенин үйрөнүүдөн, билгенин бөлүшүүдөн тажабаган дасыккан мугалим экенин студенттер белгилешет.

Анел Исабекова, дүйнө тилдери адистигинин 2-курсунун студенти:

- Биз Айкын агай менен окуганды жакшы көрөбүз. Анткени ал практикага келгенде бизге абдан түшүнүктүү жана аны менен англис тилинде баарлашуу бизге оңой сезилет. Ал бизге сабакты абдан жакшы түшүндүрөт жана практика учурунда биз үчүн абдан пайдалуу, анткени анын тил байлыгы биздикине караганда көбүрөөк. Бул адам менен биз англисче гана эмес, практика учурунда казакча маектешип, баарлашабыз.

Эван программа аяктап, АКШга баргандан кийин да казак маданиятын жана элин унутпай турганын айтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков