Баатырдыктын улуу үлгүсүн көрсөткөн аткычтар бригадасына 80 жыл. 1941-жылы өлкөдө эки аткычтар бригадасы түзүлгөн. 100чүсү Алматыда, 101чиси Актөбеде. Бул бригадалар Алматы шаарында түзүлүп, «Марс» операциясына, Ржев шаарынын жанындагы «Улуу нурларга» жана Невель салгылашууларына катышып, душманга каршы туруштук берген. Алардын арасында атактуу адамдар көп болгон. 100-жеке аткычтар бригадасынын катарында Маншук Маметова, Азилхан Нуршайыков, Тахауи Ахтанов, Касым Шарипов сыяктуу көзүндө оту бар, жалындуу жаштар болгон. Жашы 20га эми толгон казак улан-кыздары чыныгы эрдикти көрсөтүшкөн.
Марат Абсеметов, тарых илимдеринин доктору:
- Алматылык бригаданын 86 пайызы казакстандыктар. Маселен, 100-аткычтар бригадасынын башчысы Маншук Маметова ошол жерде каза болгон. Ошол эле салгылашта 11 кишиге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Биз алардын эрдигин унутпашыбыз керек.
«1942-жылдын жетинин айынын 25де 100-жана 101-бригадалар бир убакта Ржевге жакын жерде согушка катышкан. Абдан катуу салгылашуу болду. Бир айдын ичинде жоокерлердин 80% окко учту...». Бул 100-бригаданын мүчөсү Какен Абеновдун эстелиги. Ооба. 1942-жылы «Марс» аскердик операциясы учурунда эки казак бригадасы ушундайча жок кылынган. Баатырлардын ысымдары да, эрдиктери да эч качан унутулбайт, даңазаланат!
Которгон: Илгиз Жамалбеков