Костанай облусунда токой өртүнө байланыштуу абал турукташууда. Эске салсак, аймактагы тилсиз жоо жума күнү катталып, эртеси абанын температурасынын жогорулашынан жана секундасы 23 метрге жеткен бороон-чапкындан улам тез жайыла баштаган. Бүгүн түнү да өрткө каршы күрөш токтогон жок. Костанай облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, өчүрүү иштери 5 өрт тутанган жерде жүрүп жатат, тактап айтканда, Аманкарагай, Лесное, Баганалы, Озерное жана Калинино айылдарында. 200гө жакын техника, 7 учак, беш өрт өчүрүүчү поезд жана эки миңге жакын адам тартылып, ӨКМдин, жергиликтүү аткаруу органдарынын, Улуттук гвардиянын, полициянын күчтөрү жана каражаттары тартылган. Белгилей кетсек, өрттүн аянты 43 миң гектарды түздү. 1 адам каза болуп, 10 адам жабыркап, айылдардан 1800дөн көп адам эвакуацияланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков