Казакстан-Франция: кызматташтыктын жаңы горизонттору

Казакстан-Франция: кызматташтыктын жаңы горизонттору

Алардын арасында геологиялык изилдөөлөр боюнча кызматташуу меморандуму, телемедицина боюнча келишим жана энергиянын кайра жанма булактарын биргелешип өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү кызматташуу боюнча документ бар. Жалпысынан тараптар санариптештирүү, айыл чарба, өнөр жай жана транспорт тармагындагы эффективдүү мамилелерди талкуулашты.

Оливье Бешт, Франциянын тышкы соода, экономикалык тартымдуулук жана чет элдеги француз жарандарынын маселелери боюнча министр-делегаты:

- Франция менен Казакстандын ортосунда абдан жылуу мамиле орногон. Бүгүнкү күндө биз үчүн айыл чарба же саламаттыкты сактоо сыяктуу жаңы багыттарга инвестиция салуу боюнча келишимдер түзүлдү. Мындай кызматташтык биздин элдерибиздин жыргалчылыгын жогорулатууга өбөлгө болууда.

Марат Карабаев, индустрия жана инфраструктаны өнүктүрүү министри:

- Ушул убакытка чейин 18 миллиард доллардан ашык инвестиция салынды. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 30%га өсүп, 4 миллиард АКШ долларын түздү. Жалпысынан өлкөдө француз ишкерлеринин катышуусу менен 180ден ашык ишкана иштейт.

Буга байланыштуу Франция Казакстандын Европадагы негизги соода-экономикалык жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилей кетүү керек. Бул өлкө өлкөнүн 5 ири инвесторунун катарына кирет. Эки тараптуу соода байланыштары да жигердүү өнүгүп жатат. Маселен, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Францияга ата мекендик товарлардын экспорту 28 пайызга өсүп, 3 миллиард доллардан ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков