Эң чоң шөкүлө гиннесс рекорддор китебине кирди

Эң чоң шөкүлө гиннесс рекорддор китебине кирди

Казакстанда дагы бир рекорд коюлду. Бул жолу Түркестанда тигилген улуттук баш кийим дүйнөнү таң калтырды. Жергиликтүү чеберлер бийиктиги 5 метр келген алп шөкүлө даярдашты. 30дан ашык түрк элинин оюу-өрнөгү менен кооздолгон баш кийимдин узундугу 600 метрге жетет. Долбоордун автору бул шөкүлө түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын көрсөтүүнү максат кылганын айтат. Башкача айтканда, элдин биримдиги менен руханий байланышынын күзгүсү сыяктуу.

Акмарал Дауылбаева, долбоордун автору:


- Шөкүлөбүздүн бийиктигин көк асман тиреп турсун деп 5 метр 20 сантиметр кылдык. Ал эми анын оюусун өмүр дарагы сыяктуу кылып жасадык.


Куандык Кудайбергенов, Казакстан рекордор китебинин расмий өкүлү:


- Дүйнө жүзү боюнча эч ким мындай чоң баш кийим жасаган эмес. Ошондуктан бүгүн бардык каттоо иштерин жүргүзүп, Global Book of Records деген үчүнчү дүйнөлүк рекорддор китебине киргизебиз. Үч-төрт айдын ичинде китептин өзү чыгып калат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков