Түркмөнстан оркестри Венадагы The World Orchestra Festivalга катышты

Түркмөнстан оркестри Венадагы The World Orchestra Festivalга катышты

Түркмөнстан Венада өткөн XI Дүйнөлүк оркестрлер фестивалына катышты. Европанын музыка борборунда республиканын мамлекеттик симфониялык оркестри Франц Шуберт менен Астор Пьяццолланын чыгармаларын, ошондой эле дутар аспабы менен оркестрге атайын жазылган «Бул бейиш» элдик обонун аткарды. Жамааттын чеберчилиги эл аралык калыстар тобун дагы бир жолу таң калтырды. Өткөн жылы музыкалык жамаат Австриянын борборун багындырып, X «One Future» Дүйнөлүк оркестрлер фестивалынын лауреаты аталган. Белгилей кетсек, Түркмөнстандын беделдүү маданий иш-чарага катышуусу - өлкөдөгү музыкалык жамааттардын жогорку деңгээлдеги даярдыгынын далили. Быйыл байкоого дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнөн 2,5 миңден ашык жаш музыканттар жана 400дөн ашык оркестр жамааты катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков