Казакстандык адистер түрк жана азербайжандык кесиптештерине петроглифтерди калыбына келтирүү технологиясын үйрөтүшөт. Бүгүнкү күндө ата мекендик окумуштуулар Тамгалы капчыгайынын аймагындагы петроглифтерди калыбына келтире алышты. Анда 14-кылымдын ортосунан 20-кылымга чейинки 5 миңден ашык петроглифтер, конуштар, мүрзөлөр, байыркы ташка чегилген сүрөттөр жана ибадатканалар бар. Тамгалы аскаларында тартылган сүрөттөр дагы эле изилденүүгө муктаж. «Анткени келген сайын ар бир тамганы жаңы кырынан тааныйбыз», - дешет окумуштуулар.
Зейнолла Самашев, археолог, РКнын Эмгек сиңирген ишмери:
- Тамгалыда жасалып жаткан иштерди көрдүк. Жаңы технологиянын жардамы менен бузулган аска сүрөттөрүнүн көбү калыбына келтирилип жаткан сыяктуу. Бул абдан туура. Мына ушулардын бардыгынын тажрыйбасын башка аймактардагы ушундай эле эстеликтерге жайылтуу керек. Бул абдан жакшы тажрыйба.
Бүгүнкү күндө Азербайжандагы Гобустан корук-музейинин тарыхчылары казак окумуштууларынын тажрыйбасын колдонууга кызыкдар. Бул жерде 1500дөн ашык петроглифтер сакталганы менен алар калыбына келтириле элек. Ошондуктан эки өлкөнүн музейлери ортосунда кызматташууну түзүү боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
Вугар Исаев, Гобустан мамлекеттик тарых-көркөм корук музейинин мүдүрү:
- «Тамгалыда» тарыхый мурастарды сактоо боюнча комплекстүү программа менен тааныштык. Биз өзгөчө технологияны убакыт жана адам тарабынан бүдөмүк, ал тургай өчүп калган сүрөттөрдү калыбына келтирүү үчүн колдонгубуз келет. Ошону менен бирге петроглифтерди коргоо жана сактоо боюнча тажрыйба алмашып турабыз.
Белгилей кетсек, Тамгалы капчыгайы Борбордук Азиядагы гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы эң маанилүү тарыхый-археологиялык комплекстердин бири болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков