Талгат Бегелдиновдун эстелигине гүлчамбар коюлду

Талгат Бегелдиновдун туулган күнүнө карата Астанадагы Советтер Союзунун эки жолку баатырынын эстелигине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Легендарлуу учкуч-чабуулчуну эскерүүгө шаардагы этномаданий бирикмелердин, Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, жаштар жана акимчиликтин өкүлдөрү келишти. Атактуу учкуч душмандын 7 учагын атып түшүрүп, 300дөн ашык согуштук учууларды жасаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Аскер-аба күчтөрүндө кызматын улантып, Казакстандын авиациясын өнүктүрүүгө да аракет кылган. Талгат Бегелдинов 92 жашында каза болгон. Бирок баатырдын ысымы казакстандыктардын жүрөгүндө дайыма сакталат.

Сансызбай Есилов, Астана шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы:

Москвадагы инженердик-курулуш институтун бүтүрүп, Казакстанда жарандык авиация тармагында иштей баштады. Ал аэропортторду жана учуу-конуу тилкелерин куруу менен алектенип, Астанада жана Казакстандын бир катар шаарларында аталган тилкелерди курган. Ошондуктан, ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында гана эмес, андан кийин да өлкө үчүн, биздин Казакстан үчүн талыкпай эмгектенди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков