К. Токаев президент администрация башчысынын биринчи орун басарын кабыл алды

К. Токаев президент администрация башчысынын биринчи орун басарын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Президенттин администрация башчысынын биринчи орун басарын кабыл алды. Мамлекет башчысы Дархан Сатыбалдынын Түркестан облусундагы ишине жогору баа берди. Муну менен катар президент жаңы кызматтын маанилүүлүгүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ал башкаруу процесси менен региондор ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, жер-жерлерде өз тапшырмаларын жана чечимдерин аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөөнү күчөтүү, көрүлгөн чаралардын сапатын жакшыртуу жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөө максатында киргизилди. Ошондой эле Президенттин администрация башчысынын биринчи орун басарына конкреттүү милдеттер жүктөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков