Finprom.kz аналитикалык порталынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын үчтүн айында эле тамак-аш өндүрүшүнө капиталдык салымдардын көлөмү 14 миллиард теңгеден ашкан. Айта кетсек, акчалай алганда бул бир жыл мурункуга караганда дээрлик 42%га көп. Талдоочулардын айтымында, өткөн 2022-жылы тамак-аш өнөр жайына улуттук валютада 140 миллиарддан ашык инвестиция салынган. Өндүрүш өнөр жайына инвестициянын жалпы көлөмүндө сектордун үлүшү 9%дан ашты. Каражаттын басымдуу бөлүгү – тагырагы 5 миллиард теңгеден ашууну Түндүк Казакстан облусуна тартылган. Экинчи орунда Акмола облусу 3,5 миллиард жана 2,7 миллиард теңге инвестиция менен үчүнчү орунда Алматы облусу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков