Астана Операнын Москвадагы концерти аншлаг менен өттү

Москвада борбор калаадагы «Астана Опера» театрынын гастролу аяктады. «Музыканы көрүү» VIII музыкалык театрлардын фестивалынын алкагында казакстандык артисттер көрүүчүлөргө аншлаг менен концерт коюшту. Көрүүчүлөр үчүн Джоаккино Россининин легендарлуу «Жибек тепкич»  операсы коюлду. Жеңил комедиялык спектаклди белгилүү артисттер жана «Астана Опера» эл аралык академиясынын бүтүрүүчүлөрү аткарышты. Белгилей кетсек, спектаклдин премьерасы 2019-жылы болгон. Ошол кезден бери дал ушул опера театрдын негизги визиттик карточкасына айланды. Ошондуктан, театр аталган опера менен Казакстан шаарлары менен алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө гостролдоп келет.

Абзал Мухитдин, «Астана Опера» театрынын дирижёру:
- Россининин «Жибек тепкич» чыгармасы боюнча коюлган спектакль «Астана Опера» курамындагы Piccolo театрынын долбоору. Анын максаты - көрүүчүлөр менен тыгыз байланышта болууга багытталган. Ошондуктан Галина Вишневская театрынын сахнасы сыяктуу  – бул сахна биздин спектаклдин талабына абдан жакшы жооп берет. Анда көрүүчүлөр менен тыгыз байланыш бар.

Евгений Чайников, «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисти:
- Спектакль эмнеси менен кызык десеңиз, ал коюуга өтө ыңгайлуу, жеңил деп айтсак болот. Режиссёрлук көз караш боюнча да, костюмдар жагынан да ошентип айтууга негиз бар. Биринчиден, декорация көлөмү өтө аз. Ал өз кезегинде ташууга ыңгайлуу. Андан кийин, спектаклге катышуучу артисттердин саны да көп эмес.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков