Үчтүн айынын 10у аза күтүү күнү

Үчтүн айынын 10у аза күтүү күнү

Бүгүн өлкөдө – жалпы улуттук аза күтүү күнү. Казакстандыктар каза болгон жарандарын жоктоп, жакындарына көңүл айтып жатат. Мамлекеттик мекемелер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык имараттарында мамлекеттик туу ылдый түшүрүлдү. Телеканалдардагы бардык көңүл ачуучу программаларды көрсөтүү 1 күнгө токтотулду.

Борбор калаанын тургундары кайгылуу окуянын кесепетинен жакындарынан айрылгандарга көңүл айтууда. Алар өлкөдө мындай террордук аракеттер эч качан кайталанбашы керек дешет.

Блиц:

- Бүгүн жалпы улуттук аза күтүү күнү. Бардык каза болгондордун жакындарына көңүл айтам, бул бүт Казакстан үчүн кайгылуу күн. Террористик коркунуч менен күрөшүп жаткан бардык аскерлерди колдойм. Мен алар менен биргемин.

- Албетте, жакын адамынан айрылуу чоң трагедия. Кайгыруу менен көңүл айтам. Бардык милиция кызматкерлерине жана медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип кетем!

- Албетте бул абал казакстандыктар үчүн оор болуп турат. Эң негизгиси азыр тынчтык. Өлкөбүздө тынчтык болсун. Бул абал эл үчүн оңой эмес. Баарыбыз балдар, неберелер деп жашап жүрөбүз. Ошолор аман болушсун, жыл тынч болсун. Токаев колунан келгендин баарын жасап жатат. Президентибизге рахмат.

Белгилей кетсек, Казакстанда өзгөчө кырдаалдар учурунда коменданттык саат киргизилген. Көптөгөн аймактарда ал үчтүн айынын 19на караган кечки саат 23:00дөн таңкы 7:00гө чейин созулат. Бул убакыт аралыгында жарандардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков