Казакстан менен Корея кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө, айрыкча суу тармагында. Ошентип, сууну акылдуу башкаруу боюнча пилоттук долбоорду кореялык корпорация 2025-жылы Батыш Казакстан облусунда ишке ашырат. Бул тууралуу Сеулдагы жолугушууда белгилүү болду. Каменский топтук суу түтүгүн модернизациялоо, серепчилердин пикири боюнча, блокторду орнотуунун жана IT технологияларды киргизүүнүн аркасында мүмкүн. Сууну акылдуу башкаруу сизге реалдуу убакыт режиминде сууну алуудан тартып, кранга чейин суу менен камсыздоо циклин башкарууга мүмкүндүк берет. Кореялык компания жаңы технологияларды ишке киргизүү суу менен камсыздоонун баасын төмөндөтүп, күнөскана газдарынын эмиссиясын азайтат деп күтүүдө.
Ли Су Хен, Кореянын суу ресурстары корпорациясынын бөлүм башчысы:
Оператор суунун санын, сапатын жана суу менен камсыз кылуучу объектилерди онлайн режиминде оңой көзөмөлдөй алат. Акылдуу сенсорлордун жана эсептегичтердин жардамы аркылуу суу менен камсыздоону алыстан башкарууну ишке ашырабыз. Мобилдик тиркеменин жардамы менен биз кардарлар менен байланышты камсыз кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков