Талаа музыкасы. Казак композициялары Кытайды багындырды

Талаа музыкасы. Казак композициялары Кытайды багындырды

Казак музыкасы Кытайды багындырды. Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районунун музыканттары салттуу күүлөрдү жаңыртууда. Үч жыл мурун алар 8 адамдан турган казактар жана хань улуту өкүлдөрүнөн куралган топ түзүшкөн. Топтун аты «Нарат» деп аталган. Бул «күндүн шооласы тийген жер» деген маанини билдирет. Бүгүнкү күндө бул топ жергиликтүү тургундардын арасында гана эмес, ошондой эле, улуттук музыкадан ырахат алуу үчүн атайын келген туристтердин арасында да популярдуу боло баштады. Топ жигиттер музыкага өзгөчө көрк берүү үчүн чыгармаларында элдик аспаптарды колдонушат. Жаш музыканттар пандемия аяктагандан кийин гастролго чыгууну мерчемдеп жатышат.

Махзан Бейсемхан, Нарат тобунун музыканты:

Биз фольклордук элементтер менен заманбап музыкаларды аткарабыз. Биздин милдет – тарыхыбызды, маданиятыбызды мүмкүн болушунча көбүрөөк элге таанытуу.

Халем Алемджан, Нарат тобунун музыканты:

Концерттин жүрүшүндө туристтер музыка менен жаратылыштын гармониясын сезишет. Бул биздин ишибиздин негизги максаты деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков