Орусияда казактын салттуу өнөрү даңазаланды

Орусияда казактын салттуу өнөрү даңазаланды

Оймо-чиймечиликтин, камчы өрүүнүн, сайма сайуунун жана нокто-жүгөн түйүүнүн сыры. Москвадагы казак диаспорасы улуттук кол өнөрчүлүк ийримдерин жандандырды. Алардын башкы максаты ата-бабалардан калган мурастарды сактап калуу. Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган иш-чараны чет өлкөдөгү кандаштар уюштурду. Бүгүнкү күндө Москвада 10 миңден ашык казак жашайт. Алар өлкөдөн алыс болсо да улуттук таалим-тарбияга аң-сезимине сиңрип келет.

Айшат Байгазиева, казак улуттук-маданий автономиясынын президенти:

Биз улуттук майрамдарда жолугабыз. Чогуу Бактылуу балалык аттуу сынактарды өткөрүп келебиз. Биздин муундар качандыр бир кезде биздин орун басарларыбыз болуп, тилибизди, динибизди унутпай, өз тилинде сүйлөй берүүсүн каалайбыз.

Аридаш Наукенова, окуучу:

Кичинекей кезимден бери казакстандык бардык сынактарга, түрдүү иш-чараларга катышып келем. Мага абдан жагат. Оймо-чиймелер өзгөчө жүрөгүмө жакын. Улуттук өнөрдү колдон келишинче терең үйрөнгүм келет.

Мындан сырткары, казак тили классын ачуу пландалып жатат. Мындай кадам менен алыста жүргөн кандаштар эне тилин жакшы өздөштүрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков