Казакстанда DIGITAL NOMAD VISA долбоору ишке кошулду

Казакстан аймактын ири IT өлкөсүнө айланууда. Ушул жуманын аягында  Silkroad Innovation Hub өкүлчүлүгү ачылат. Анын максаты Борбор Азия жана Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн стартаптарын колдоо жана алдыга жылдыруу. Мындан тышкары, өлкөгө IT адистерин тартуу максатында Digital Nomad виза долбоору ишке кирет. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Багдад Мусин ата мекендик санарип өнүмдүн дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү экенин айтат. Муну IT-экспорттун беш эсеге өсүп, 334 миллион долларга жеткени тастыктайт. Алардын дээрлик жарымы Astana Hubтын катышуусу менен ишке ашырылган. Бул уюм Google for Startups компаниясынын Борбордук Азиядагы жалгыз өнөктөшү. Мындан тышкары, дүйнөлүк тажрыйбага ылайык тармакты венчурдук каржылоону камсыз кылуу максатында мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү көздөлүүдө. Азыр өлкөдө 16 миңден ашык IT-компаниялар бар, жер-жерлерде 180 миңден ашык адам иштейт. Бирок кесипкөй адистер жетишсиз. Үстүбүздөгү жылдын бештин айынан тарта өлкөдө IT мугалимдери даярдала баштайт. Эл аралык компаниялар менен биргеликте жаңы окуу курстары иштелип чыгат. Кошумчалай кетсек, бул кесипти үйрөнүүнү каалагандар ваучердик системанын негизинде жеке IT-мектептерде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер- Министри:
-Алматы жана Караганды облустарынын тажрыйбасынын негизинде ар бир аймакта IT хаб түзүү зарыл. Акимчиликтер адамдык капиталдын өнүгүшүн камсыз кылышы керек. Бул максатта программисттерди, дизайнерлерди, инженерлерди жана башка адистерди кайра даярдоо үчүн IT-мектептерди түзүү кажет. Илим министрлиги IT адистерин даярдоо программасын дүйнөлүк тенденцияга ылайык мүмкүн болушунча ийкемдүү кылууга тийиш. Студенттер менен тажрыйба алмашуу үчүн алдыңкы университеттер менен такшалма программаларын баштоо керек.

Мындан тышкары, Өкмөт мүчөлөрү өлкөнүн акыркы 8 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүзүштү. Отчеттук мезгилде экономика 5%га жакын өсүштү көрсөттү. Ошол эле учурда реалдуу сектордун өнүгүү ыргагы жакшы. Бардык негизги секторлордо оң динамика байкалууда. Негизги капиталдык салымдардын өсүшү 12 пайыздан ашты. Чет мамлекеттер менен байланыштар күч алды. Үчтүн айы- теке айларында тышкы соода жүгүртүү 5,7%га өсүп, 80 миллиард долларга жетти. Жарымынан көбү экспорттун үлүшүнө туура келет. 14 миллиард долларлык ата мекендик кайра иштетилген өнүм башка өлкөлөргө жөнөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков