Казакстандык окумуштуулар пахтанын жаңы сортун чыгарды

Казакстандык окумуштуулар пахтанын жаңы сортун чыгарды

Түркестан облусунда пахтанын жаны сорту даярдалды. Өсүмдүк илимий-изилдөө институтунда эки жылдай текшерүүдөн өттү. Азыр институттун окумуштуулары үрөндү дыйкандарга себүүгө сунуштап жатышат. Жаңы сорттогу пахта зыянкечтерге чыдамдуу болуп чыгарылган. Ошентип, андан химиялык жактан коргоого кеткен чыгым эки эсе кыскарат. Илимпоздор да түшүм эрте берип, кургакчылыкка чыдамдуу экенин айтышат. Жогорку түшүмдүү сорттон гектарына 45 центнерге чейин түшүм алууга болот.

Асан Махамбетов, Жетисай райондук акиминин орун басары:

- Жалпы камсыздандыруу фондусу менен эсептегенде район боюнча 1800 тоннага жакын үрөн керек. Учурда өндүрүш 1 миң тоннага жакындап калды. Пахта - абдан татаал өсүмдүк. Башка айыл чарба өсүмдүктөрү өз алдынча чаңдашат жана аларды өстүрүүгө болот. Пахта - кайчылаш чаңдаштыруучу өсүмдүктөр. Абдан кыйын болот. Өзүбүздүн тажрыйба станциябыздан 70 жыл дегенде араң жаңы сорт чыкты.

Которгон Илгиз Жамалбеков