Арктика биз ойлогондон тезирээк эрип жатат. Бул тууралуу түндүк уюлга атайын экспедицияга барып келген казастандык Роман Гиричев билдирди. Анын айтымында, мөңгү аймагында жашаган жаныбарлар да четинен кырылып баштаган. Акыркы кездери ак аюулар азык таппай, океанга төгүлгөн таштандыларды жеп башташкан. Белгилей кетсек, Арктикага экспедициялар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Орусиялык компаниялар биргелешип, түндүк континентти калдыктардан тазалоо үчүн ыктыярчыларды чогултат.
Роман Гиричев, ыктыярчы:
- Байланыш жок, интернет жок, баары тынч. Таптакыр башка адамдар. Биз бул саякатка баруу үчүн тандоодон өттүк. 260 адамдын ичинен 10у гана тандалып алынды. Алардын экөө Казакстандан. Экспедицияга бир нече өлкөдөн ыктыярчылар барышты. Алардын арасында алтынчы жана жетинчи жолу катышып жаткандар бар. Мен алар менен сүйлөшкөндө Арктика биз ойлогондон да тез эрип жатканын айтышты. Мисалы, биз 2019-жылы бул жерге келгенде кар жаап жаткан. Ал эми азыр болсо ылай баткак гана калды. Күн жылый баштады. Мындай улана берсе, экологиялык каатчылык болушу мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков