Борбордук Азиядагы
эң ири инновациялык технопарк - Астана Хабга 5 жыл. Бул убакыт ичинде анын курамындагы
IT-компаниялардын жалпы кирешеси бир жарым миллиард доллардан ашты. Тартылган
инвестиция көлөмү АКШ валютасында беш жүз миллиондон жогору болду. Хабдын 5 жыл
ичиндеги жетишкендиктери тууралуу бүгүн борбор калаада «Silk Way» акселерациялык
программасынын төртүнчү агымы алкагында айтылды. Белгилей кетсек, уникалдуу
билим берүү долбоорун Astana Hub «Google for Startups» менен биргеликте уюштурган.
Түшкөн 200гө жакын арыздын ичинен 15 мыкты долбоор тандалып алынды. Негизинен
Казакстан, Грузия, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан жана Өзбекстандын алдыңкы
демилгелери. Жыйынтыгында 12 жумалык окуу курсунан 12 мыкты долбоор өттү. Алардын
мүмкүнчүлүктөрүн алдыңкы инвесторлор сынады. Бул аларга инвесторлорду табууга
жана жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жардам берет. Алар менен тармактык мекеменин башчысы
Багдат Мусин да таанышты.
Багдат Мусин,
Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөржай министри:
- Бүгүнкү күндө
Астана хабдын бул экосистемасында 1300дөн ашуун стартап катталган. Бул өлкө
экономикасына өз салымын кошо турган стартаптар. 1300 компанияда 20 миңдей адам
эмгектенет. Бул жылы биз IT-өнүмдөрүн экспорттоодо 500 миллион АКШ долларына
жетебиз деп ойлойм. Бизде айти тармак өнүгүп жатат, бул мультипликатордун бир
түрү. Анткени IT-индустрия экономиканын бардык тармактарын камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков