60 гобелен токуган аксакал

60 гобелен токуган аксакал

Балкаш шаарында жашаган сүрөтчү, гобеленчи Өмиргелди Абеуов үйүн чакан музейге айландырды. Жашы 74кө келсе да өнөрдөн кол үзгөн эмес.  Ушул убакка чейин 60тан ашык эмгек жараткан. Гобелен - абдан татаал искусство. Кылкалем менен сүрөт тартуу  өзүнчө бир өнөр болсо, ал эми түстүү жип менен бүтүрүү таптакыр бөлөк искусство. Өмиргелди Абеуов аксакал да бир чыгарма жаратуу үчүн бир нече ай мээнет кылат. Алгач ою кагазга жазылып, андан кийин жибек жип менен токулат.

Өмиргелди Абеуов, Казакстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү:

Бир жумушту бүтүргөндөн кийин экинчи ишти дароо баштай албайм. Стресстен тез чыгуу үчүн мурунку жумушумду тез унутуп, ар кандай сүрөттөрдү тарта баштайм. Анткени экинчи жумушка киришүү үчүн ойдон тез арылуу керек. Төрт ай ошол ой менен жүрдүм. 2-3 күндө баарын унутуу мүмкүн эмес.

Жашы 74кө келген кол өнөр чебери ушул күнгө чейин 60тан ашык эмгекти токуган. 30-жылдардагы ачарчылык, каардуу согуш сыяктуу кырсыктар тарыхый окуялардын чыгармаларына негизделген. Чебердин «Конырат тууралуу ыр» гобелени азыр Алматынын көргөзмө залында, анын «Таң» аттуу чыгармасы Балкаш музейинде турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков