Казакстанда 2024-жылдын биринчи жарымында туризмге салынган инвестициянын көлөмү эки эсеге өстү. Бул көрсөткүч 390 миллиард теңгеге жетти. Бүгүнкү күндө 60 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Мамлекеттик колдоонун алкагында бир катар колдоолор каралган. Мисалы, кирүү туризми жаатында, ошондой эле курулуш, туристтик объектилерди реконструкциялоо жана ички багыттар боюнча балдар билеттеринин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоо чаралары каралып, кабыл алынды.
Айсара Бисенова, Туризм жана спорт министрлигинин басма сөз катчысы:
– Казакстанды Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн негизги туристтик өлкө катары көрсөтүү максатында 2024-жыл Кытайдагы туризм жылы деп жарыяланды. Түркестанда өлкөдөгү биринчи адистештирилген окуу жайынын Эл аралык туризм жана меймандостук университетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү бүтүрүштү. Учурда 460 бүтүрүүчүнүн 125и Казакстандын бардык аймагындагы объектилерде ийгиликтүү иштей баштады. Дуалдык билим берүү процедурасынын аркасында окуу процессинин 50% ишкананын аймагында өтөт. Ошондой эле студенттер диплом алганга чейин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков