Сыганак шаарынын 3D модели жасалды

Сыганак шаарынын 3D модели жасалды

Эски шаарды мектеп окуучулары мугалимдеринин жардамы менен компьютердик программа аркылуу кайрадан жандандырышты. Долбоордун жетекчилеринин айтымында, шаардын 3D моделин түзүүнүн негизги максаты - аймакка келген туристтерге байыркы шаарларды электрондук түрдө көрсөтүү.

Серик Жолдасов, Назарбаев интелектуалдык мектебинин география мугалими:

- Турист эмнени көрөт? Турист интернетке карайт. Визуализацияны көрөт. Муну көргөн кезде тарыхты түшүнөт, ага кызыгуучулук пайда болот. Ошентип, бул жерге келгенден кийин гиддерибиз шаардын ордуна алып барышса, макеттеги нерселерди дароо элестете алат.

Окуучулар бир кезде Борбор Азиядагы эң чоң шаарлардын бири болгон калаанын долбоорун түзүүгө дээрлик бир жыл убакыт кеткенин айтышат. Нургүл менен Адина тарыхый маалыматтарга өзгөчө көңүл бурушканын кошумчалай кетишти.

Нүргүл Жарылкап, окуучу:

- Тарых сабагына 5-класстан бери кызыгам. Мен ага терең кирип, көп нерселерди изилдей баштадым. Бул долбоорду түзүшүмө тарыхка болгон кызыгуум себеп болду.

Адина Турсынкулова, окуучу:

- Келечекте балдарга казакча кеп-кеңеш берген, үйрөткөн мультфильм тарткым келет. Мультфильмдеги каармандарды жасап чыктым.

Долбоордун авторлору алдыдагы убакытта шаарга тиешелүү жаңы маалыматтарды таап, 3D моделин өркүндөтүүнү мерчемдеп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков