«Астана Опера» XI театралдык сезонун ачты

«Астана Опера» XI театралдык сезонун ачты

Оркестрдин филиграндык үнү, орус композиторлорунун көрүнүктүү музыкасы, коюучунун эң жогорку деңгээли, керемет үндөр, жаркын жана нукура пейзаждар менен артисттердин костюмдары. «Астана Опера» жаңы 11-театралдык сезонун Мухтар Ауэзовдун либреттосу,  Ахмет Жубанов менен  Латиф Хамидинин «Абай» улуттук операсы менен ачты. Легендарлуу спектакль эбактан бери борбордун театрынын репертуарынын ажырагыс бөлүгү болуп калганына карабастан, башкы дирижердун чечмелөөсүнөн улам, ал дагы бир жолу коомчулуктун кол чабуусуна ээ болду. Алан Бурибаев партитуранын тексти боюнча эбегейсиз зор, талыкпаган эмгек жасады. Маэстронун чеберчилигинин жана сахналаштырууга катышкандардын аркасында көрүүчүлөрдүн ою боюнча, "Абай" операсын дүйнөлүк классиканын өлбөс чыгармалары менен бир катарга коюуга болот. Сезондун ачылышында кечени театрдын атактуу солисттери аткарышты. Баш сөздү Жанат Шыкыкбаев, Мейир Байнеш алды. Айгүл Ниязова Ажардын ролун жогорку деңгээлде көрсөттү. Карлыгаш партиясын Татьяна Викинская чебердик менен аткарды.

Алан Бурибаев, «Астана Опера» театрынын башкы дирижеру:

-Билесиздерби, бүгүн чындыгында майрам, 11-сезон, бул 10 жылдык чекти басып өтүп, жаңы он жылдыкка кадам ташталды. Артка кылчайып караганда, театр кечээ эле ачылгандай, бирок кээ бирлерине кылчайып көз чаптырууга болгон нерселер бар. Атап айтканда жетишкендиктер, премьералар, албетте, биринчи кезекте театр артисттери, бул коомчулук менен тыгыз байланыштын жемиши. Биринчиден, биздин театрдын милдети улуттук искусствону жана Абай операсы сыяктуу шедеврди колдоо болуп саналат. Ал биздин театрдын өзгөчөлүгүнө айланган. Белгилүү болгондой биз буга чейин бир нече жолу, анын ичинде чет өлкөлөрдө да көрсөткөнбүз. Бул сезон ошол эле учурда символикалык деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков