Астанада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съезди аяктады

Астанада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съезди аяктады

Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съезди аяктады. Форумдун жабылышында Президент Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы тынчтык жана туруктуулук гана жаркын келечектин негизги кепилдиги боло аларын баса белгиледи. Съезддин башкы жыйынтыгы 2025-жылга карата Астана тынчтык декларациясынын кабыл алынышы болду. Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери экстремизмге, зомбулукка жана диний жек көрүүгө каршы чыгышты. Бирок негизги максат - адамзаттын өнүгүүсү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Эки күндүн ичинде сиздер Съезддин мындан аркы күн тартиби жана ишинин негизги багыттары боюнча жалпы түшүнүккө келдиңиздер, алар биргелешкен жыйынтыктоочу Декларацияда баяндалган. Форумдун бардык катышуучуларын, анын ичинде Ыктыярдуу элчилерди бул Декларациянын идеяларын активдүү жайылтууга чакырам. Дин лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштөгү ролу жөнүндөгү документти, ошондой эле руханийлик жана гуманизм позициясынан жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү пайдалануунун универсалдуу принциптерин иштеп чыгуу боюнча Съезддин Секретариатына берген сунуштарыңызды толугу менен колдойм.


Касым-Жомарт Токаев тарыхый эстутумду, маданий көп түрдүүлүктү жана адамзаттын руханий мурасын сактоо үчүн диний объектилерди коргоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи. БУУнун колдоосу астында өткөн Съезддин алкагында бул темага арналган атайын сессия болуп өттү. Жаш диний ишмерлердин форуму да руханий дипломатиянын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Мамлекет башчысы Казакстан диндер аралык жана маданияттар аралык диалогду толугу менен колдой турганын жана Съезддин глобалдык диалог аянтчасы катары таасиринин өсүшүнө жигердүү көмөктөшө турганын дагы бир жолу баса белгиледи. Белгилей кетсек, кийинки руханий лидерлердин форуму 2028-жылга пландаштырылган.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биз БУУ институттары жана башка түзүмдөр менен Съезддин катчылыгынын өнөктөштүк тармагын кеңейтүүнү улантабыз. Эл аралык өнөктөштөрдүн, жаштардын, серепчилердин, ыктыярдуу уюмдардын катышуусунда Съезддин идеяларын жайылтууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков