Казакстан-Иран: Соода алмашуу 3 миллиард долларга жетет

Казакстан-Иран: Соода алмашуу 3 миллиард долларга жетет

Казакстан менен Иран соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирет. 2022-жылы ал 528 миллионго барабар болгон. Мындан тышкары, өз ара сооданын көлөмүн мындан ары жогорулатуу максатында өлкө Ислам Республикасынын рыногуна 250 миллион долларлык 75 аталыштагы товарды экспорттоого даяр. Казакстан дан жана май өсүмдүктөрүн жеткирүүдөн тышкары эт азыктарын жиберүүгө кызыктар. Өз кезегинде ирандык ишканалар балык жана сүт азыктарын, бал, жашылча-жемиштерди, кургатылган жемиштерди жана азык-түлүк товарларын жеткирүүгө ниеттенүүдө. Белгилей кетсек, Казакстан менен Иран соода, айыл чарба, логистика, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм тармактарында мамлекеттер аралык мамилелерди ийгиликтүү өнүктүрүүдө. Тараптар мындан ары да транспорттук-логистикалык өнөктөштүктү кеңейтүүнү мерчемдеп жатат. Ал  Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө тиешелүү. Бул багыттагы негизги звено Каспий түйүнү болуусу мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков