Казакстан президенти Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрайымы, Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтоненди кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өлкө эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана адам укуктарын сактоо принциптерин бекем карманарын белгиледи. Бул маанилүү принциптер Хельсинкидеги корутунду актыда бекемделген. Белгилей кетсек, Европанын коопсуздугунун негизи болгон бул документке быйыл 50 жыл болот. Мамлекет башчысы ЕККУну аймактык жана глобалдык коопсуздук жаатындагы татаал мезгилде жетектеп жаткан Элина Валтонендин ишин колдоорун билдирди. Касым-Жомарт Токаев казак-фин мамилелеринин абалына жогору баа берди. Финляндияны Астананын Скандинавия аймагындагы көп жылдык өнөктөшү деп атап, мындан ары мамилелерди чыңдоого даяр экенин кошумчалады. Өз кезегинде Элина Валтонен уюм Казакстан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

