Алматыда 5-Европа Биримдиги жана Борбор Азия жарандык коом форуму өтүп жатат

Алматыда 5-Европа Биримдиги жана Борбор Азия жарандык коом форуму өтүп жатат

Санариптик трансформация, климаттын өзгөрүшү, жаштардын активдешүүсү, ошондой эле аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Алматы шаарында буга багытталган 5 – «Европа Биримдиги- Борбордук Азия жарандык коомдун форуму» өтүп жатат. Ага Европа Биримдигинин институттарынын, БУУ агенттиктеринин, жарандык коом уюмдарынын 150дөн ашык өкүлдөрү катышууда. Быйылкы жыйындын негизги максаты-аймактагы жарандык коом уюмдарынын ролун жогорулатуу жана бул тармакка мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын күчөтүү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда 23 миңден ашык бейөкмөт уюм катталган. Евробиримдик өлкө менен экономика жана экологиядан тартып адам укуктарын коргоого чейинки көптөгөн тармактарда кызматташат. Global Gateway сыяктуу ар кандай демилгелер аркылуу эски континент  уюму аймактын энергетикасын, билим берүүсүн жана экономикасын өнүктүрүүгө инвестицияларды багыттап, ар кандай программаларды ишке ашырат.


Айзада Курманова, маданият жана маалымат вице-министри:


- Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүү, туруктуу энергетика, санариптештирүү жана транспорттук логистика тармактарындагы инвестициялык долбоорлор талкууланат. Бул Казакстанга Европадан түз инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет деп эсептейбиз. Бул форум жарандык коомдун өнүгүшүнө да чоң таасирин тийгизет. Форум-мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодо жарандык коом уюмдарынын ролун жогорулатат. Бул казакстандык бейөкмөт уюмдардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана жарандык коомду жалпысынан эл аралык стандарттарга жакындатат.

Нуржамал Иминова, «Чырак» майыптыгы бар аялдыр бирикмесин өнүктүрүү боюнча мүдүрү:


- Жалпысынан жарандык коом бизге көп нерсе берет деп айтаар элем. Казакстандын жарандык коомунда аялдардын жана балдардын, калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон ар кандай аянтчалар түзүлгөн. Башкача айтканда, коомдук кеңештер активдүү иштеп жатышат. Жакында бизде электрондук петиция пайда болду. Ошентип, аталган топтордун укуктарын илгерилетүү мүмкүнчүлүгү туулду.


Которгон: Илгиз Жамалбеков