Сенат жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү мыйзамды жактырды

Сенат жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү мыйзамды жактырды

Казакстанда уран өнөр жайы тармагындагы улуттук компанияга жаңы кен чыккан жерлерди өздөштүрүүдө артыкчылыктуу укук берилет. Сенат жер казынасын пайдаланууну жакшыртууну көздөгөн мыйзамды жактырды. Документ - геологиялык изилдөөнү жакшыртуу, инвестициялык тартымдуулукту арттыруу, ошондой эле мамлекеттин уран тармагындагы кызыкчылыгын коргоо максатын көздөйт. 2024-жылы Казакстан дүйнөлүк уран өндүрүүнүн 40% камсыздады, бул болжол менен 23 миң тонна. Өлкөдө 1,3 миллион тоннадан ашык чалгындалган уран кору бар. Тышкы рыноктун суроо-талабын камсыздоого алты ири уран кени пайдаланылат.

Шакарим Буктугутов, Парламент Сенатынын депутаты:

- Ядролук отунга суроо-талаптын өсүшүн эске алсак, өзгөчө өлкөбүздөгү жаңы атом электр станцияларынын курулушуна байланыштуу урандын стратегиялык зарылдыгын эсепке алышыбыз керек. Мыйзамда уран кору аныкталган аймакта башка казма байлыктарды издөөгө, уран өндүрүүгө тиешелүү аймакта үчүнчү тараптарга кен чалгындоого лицензия берүүгө тыюу салуу каралган. Бул нормалар урандын стратегиялык коруна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана ар кандай кен өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктары бири-бирине карама-каршы келбешине багытталган.

Мыйзамда аз изилденген аймактарда геологиялык чалгындоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана аукцион өткөрүүнүн тездетилген тартиби белгиленет. Маанилүү багыттардын бири — татаал технологияны талап кылган сланец мунайын өндүрүү механизмдери каралган. Мыйзамда бул тармакка каражат жана технология жумшоого ниеттенген инвесторлор үчүн өркүндөтүлгөн моделдик келишим түзүү белгиленген.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Атайын түзөтүүлөр мындай аймактарда изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн инвесторлорду шыктандыруу чараларын карайт. Ошону менен бирге, уран өндүрүү тармагында улуттук кызыкчылыктардын эске алынышын камсыз кылуучу ченемдер да бар. Жалпысынан мыйзам көмүр суутектерди жана уран өндүрүү сыяктуу жетектөөчү тармактардын туруктуу өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков