«Менин атым Кожа» көркөм тасмасынын көрсөтүүсү Будапештте өттү. Казак диаспорасынын өкүлдөрү жана Венгрияда билим алып жаткан казак студенттери ар кандай кызыктуу окуяларга туш болгон изденүүчү, боорукер, ачык-айрым 12 жаштагы бала тууралуу тасмага жогору баа беришти. Казак жаштары чогулуп, мындай жакшы иш-чараларды тез-тез өткөрүп турууну мерчемдеп жатышат. Элчиликтин маалыматы боюнча, Казакстандын 800гө жакын жараны Венгриянын эң мыкты университеттеринде билим алууда.
Оңайша Мандөки, Венгриядагы «Абай» маданий борборунун төрайымы:
- Азыркы заманда биздин казак жаштары үчүн мындай иш-чаранын чет өлкөдө болушу маанилүү. Казак жаштары мекенди сагынып, чет жерде окуп, казактын үрп-адатын, тили менен музыкасын, салт-санаасын четте жүргөндө сагынышат. Андыктан, чет жердеги жаштарга өлкөдөн ушундай кинолорду алып келип, жаштарга үлгү, сабак боло турган нерселерди көрсөтүү абдан маанилүү, өзгөчө жана кубанычтуу деп ойлойм.
Малика Сагынаева, студент:
- Казак тасмаларын көрүү үчүн чогулуп, биз, чет өлкөдөгү казак студенттери бири-бири менен таанышып, чогулуп, мамилебизди жакшыртып жатабыз. Эне тилибизде сүйлөп, өз маданиятыбызды эске алып, кайра жандандырабыз деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков