Ар бир жаран өзү жашаган өлкөнүн тилин, каада-салтын сыйлашы керек. Мындай пикирин Абайдын кара сөздөрүн жатка билген Дмитрий Ромащенко билдирди. Улуту украин Дмитрий улуу акындын чыгармаларын окуганды жакшы көрөт. Учурда Костанайда жашап, казак тили жана адабиятынан сабак берет.
Дмитрий Ромащенко Орусия менен чектеш Фёдоров районунун тургуну. Орус тилдүү чөйрөдө чоңоюп, эр жеткен. Ал алты жылдан бери орус мектептеринде казак тилинен сабак берет.
Алтынай Дөненбаева, мектеп окуучусу:
- Мен орус мектепте окуйм. Бирок Дмитрий Сергеевичтин сабагы мен үчүн кызыктуу жана мен казак тилин жакшы билем.
Дмитрийдин тил үйрөнүүдөгү негизги ыкмасы – сөздөрдү жаттоо. Жаңы сөздөр менен күн сайын иштейт. Украин жигитинин казакча саналуу окуган биринчи китеби Чыңгыз Айтматовдун “Жан пида” романы болгон. Ал эми казак тилинин өзгөчөлүгүн, маңызын таанууга Абайдын чыгармалары таасир эткен.
Дмитрий Ромащенко, казак тили жана адабияты сабагынын мугалими:
- Жаңылышпасам, он алтынчы сөзү төмөнкүдөй. Казактар сыйынуу кудайга жагабы деп кабатырланбайт. Ал башкалардын кылганын гана кылат – туруп жыгылып, сыйынат. Ал Кудайга болжол менен карызы бар соодагердей мамиле кылат: «Менде болгону ушул, кааласаң ал, каалабасаң малыңды жерден чыгарбайм» дешкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков