Казакстандык
студенттер эми дүйнөлүк кино индустриянын адистеринен билим алып, кош дипломго
ээ болуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Нью-Йорк кинематография академиясы менен Алматы
башкаруу университетинин ортосунда билим берүү программалары жаатында
кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Президенттик «Дара» демилгелүү
фондунун колдоосу менен кол коюлган документ Казакстан жана АКШнын жогорку окуу
жайларынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы башталышы болот. Макулдашуунун
маанилүү бөлүгү болуп чыгармачыл кесиптер үчүн квалификациялуу кадрларды
даярдоо жана тармакты өнүктүрүүдө күч-аракеттерди бириктирүү саналат. Документке
кол коюу аземи Нью-Йорк кино академиясында өттү.
Майкл Дж, Янг, Нью-Йорк
кино академиясынын президенти:
-Эң эффективдүү жолу
– бир ок менен эки коён атуу. Кош дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгү. Студенттер
эки жыл Алматыда, андан кийин дагы эки жыл биздин академияда окуп, акырында
кино жана медиа боюнча бакалавр даражасын ала алышат. Ошол эле учурда алар
студенттер менен билим жана тажрыйба алмаша алышат. Бул да кызматташтыктын
маанилүү жана рационалдуу бөлүгү. Биздин программаларда студенттерге жума сайын
жаңы тапшырмаларды берет. Татаалдыгы да акырындык менен артат. Алар эч кандай
тажрыйбасы жок келип, кийин күчтүү адистерге айланат. Ал эми аларга биздин кино
тармагынын мыкты чеберлери сабак беришет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков