Бир ок менен эки коёнду атса болот. Түндүк Казакстандагы жогорку окуу жайдын студенттери кийинки жылдан тартып жогорку билими тууралуу дароо 2 диплом алышат. Анын бирөө Американын диплому. Мындай мүмкүнчүлүк Аризонанын алдыңкы университеттеринин бири менен макулдашуунун аркасында мүмкүн болду. Жаңы окуу жылынан тартып окуу жайда жаңы билим берүү программасы ишке кирээри мерчемделүүдө. Анын негизги багыттары - агро жана инженердик технологиялар. Окутуу процессине чет элдик окутуучулар тартылат, ал эми атамекендик педагогдор чет жактарда квалификациясын жогорулата алышат.
Ерлан Шуланов, башкармалыктын төрагасы, универстеттин ректору:
- Мындан тышкары, кош диплом программасы боюнча билим алган студенттер бир семестр (чейрек) Кошмо Штаттарда - Аризона универстетинин үй кампусунун базасында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жалпы, биз мындай долбоорду жүзөгө ашыруу жаштардын чет мамлекеттерге окууга кетүүсүн азайтып, өз өлкөсүнөн чыкпастан эле эл аралык билим алууга мүмкүндүк түзөт деп пландап жатабыз.
Акмарал Тургалеева, СКУ башкарма мүчөсү:
- Казакстандык жана чет элдик профессорлор баардык программалар боюнча англис тилинде сабак өтүшөт. Мунун натыйжасында биздин таланттуу студенттерибиз чет жактарга чыгып кетишпейт деп ишенебиз. Эми аларда өз өлкөсүндө эл аралык деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Белгилей кетсек, атамекендик жогорку окуу жайларда техникалык кесиптерди өнүктүрүү зарылчылыгын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жакында өткөн Мажилистин жыйынында айткан. Мамлекет башчысы өлкөдө абройлуу чет элдик окуу жайлардын бөлүмдөрүн ачууну тапшырган.
Которгон: Назира Бегалиева