Чет өлкөдөгү ар бир Казакстандын жараны кулжа айынын 5деги жалпы элдик референдумда добуш бере алат. Бул максатта 52 өлкөдө 65 участкалык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Аталган министрлик шайлоочуларды тизмеге киргизүү үчүн керектүү маалыматтарды алдын ала берүүнү суранат. Белгилей кетсек, казакстандыктарга Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы республикалык референдум тууралуу СМС билдирүүлөр келе баштады. Анда добуш берүү күнү көрсөтүлгөн. Эске салсак, шайлоо бюллетенинде «Сиз, Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду кабыл аласызбы?» деген бир эле суроо болот. Ага жарандар ооба же каршы деген добуш беришет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков