Назарбаев университетинин студенттери эл аралык сынакта алтын жеңип алышты

Назарбаев университетинин студенттери эл аралык сынакта алтын жеңип алышты

Назарбаев Университетинин студенттеринин долбоору синтетикалык биология боюнча эл аралык сынакта алтын медаль жеңип алды. Казакстандык жаш окумуштуулардын топурак менен сууну мунай калдыктарынан жана башка булганыч заттардан экологиялык жактан тазалоо боюнча долбоору дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин студенттеринин иштеп чыгууларынан озуп кетти. Эл аралык сынактын катышуучуларынын арасында Стэнфорд, Гарвард, Оксфорд, Париж жана Массачусетс технологиялык институттары, ошондой эле, Джонс Хопкинс университети да бар.

Малика Василова, Назарбаев Университетинин студенти:

- Биз илимий долбоорду иштеп чыгуу үчүн чогулган изилдөө тобунун мүчөлөрүбүз. IGEM – синтетикалык биология боюнча эл аралык сынак. Биздин «NU Kazakhstan» аттуу клубубуз Борбордук Азиядагы жалгыз команда. Биз гендик инженериянын негизинде бактериялык геномду иштеп чыктык. Натыйжада мунайдын булганычын жок кылуу максатында биоремедиация үчүн атайын заттарды өндүрүүгө болот.

Арсен Оразбек, Назарбаев Университетинин студенти:

- Биздин долбоор уникалдуу. Себеби, биз сунуштап жаткан ыкма экологиялык жактан таза, эч кандай зыянын тийгизбейт. Келечекте аны Каспий деңизиндеги жана чет өлкөлөрдөгү мунай калдыктарын тазалоо үчүн колдонууга болот.

Сынакка жалпысынан 45 өлкөдөн 355 команда катышты. Казакстандык студенттердин алты айдагы иштеп чыгуулары бир эле учурда 4 багыт боюнча көрсөтүлдү. Бул курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыкты долбоор, мыкты долбоордук сайт, инклюзия боюнча мыкты долбоор жана туруктуу өнүгүү боюнча мыкты долбоор. Мындан тышкары, калыстар тобунун баалоосу боюнча Казакстандын илимий өнүгүүсү жылдын алдыңкы ондугуна кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков