Чет өлкөдөгү казак балдары жайкы эс алууда улуттук оюндар менен тааныша алышат. “Мекендештер фондунун” уюштуруусу менен колго алынган долбоордун алкагында быйыл 200 бала тарыхый мекенине келип, казак тилин интенсивдүү форматта үйрөнүп, улуттук баалуулуктар менен бирге мобилография боюнча мастер-класстарга катышат.
Лашын Жанарбек, «Мекендештер» фондунун КЕАК менеджери:
- Казакстандын мыкты университеттеринин билим көргөзмөсүндө алар өлкөнүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, белгилүү инсандардын чебер-класстарына жана белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттик программаларга күбө болушат. Долбоордун негизги максаты – чет өлкөдөгү таланттуу, жигердүү этникалык казак балдарына колдоо көрсөтүү. Анын ичинде жогорку класстын окуучуларына Казакстанды даңазалоо. Келечекте мекенине келип, билим алуусуна шарт түзүү.
Жалпысынан фонд тарабынан уюштурулган казак стилиндеги Жайкы эс алуу долбоору 2019-жылдан бери уланып келет. Биринчи жылы ал жерде 7 өлкөдөн 150 этникалык казак балдары эс алса, 2020- жана 2021-жылдары пандемиядан улам убактылуу токтотулган. Бирок өткөн жылы Франция, Түркия, Иран, Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Монголия, Орусия сыяктуу 8 өлкөдөн жалпысынан 84 бала катышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков