Өлкөбүздүн мамлекеттик майрамы – Республика күнү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө белгиленүүдө. Өлкө тарыхындагы жаркын күн Стамбулда өзгөчө белгиленди. Улуттук майрам Босфордун чок ортосунда чоң кемеде өткөрүлдү. Ага Түркияда билим алып жаткан жаштар жана ал жакта жашаган казакстандыктар катышты. Алар ыйык домбырада ырдап, күү чертишти. Ошондой эле Республика майрамына карата Султан Мехмед Фатих көпүрөсү Казакстандын желегинин түстөрү менен жарыктандырылды. Белгилей кетсек, Республика күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси муну менен эле чектелбейт. Анкарада кабыл алуу кечеси, Памуккаледе илимий конференция уюштурулат.
Алим Байел, Казакстандын Стамбулдагы башкы консулу:
Быйыл биринчи жолу Республика күнүн Азия менен Европанын ортосунда Босфор кысыгында белгилөөдөбүз. Жарандарыбыз, студенттерибиз менен чогуу майрамдап жатабыз. Түркия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Биздин мамлекеттин Республика күнү тогуздун айынын 25и болсо, бул өлкөнүн Республика күнү 29у. Мунун да өзүнүн символикалык мааниси бар.
Аслан Серик, саякатчы:
Республика күнү биринчи жолу белгиленип жатат. Эмне үчүн Казакстанда гана белгилениши керек, чет өлкөдө дагы белгиленсин деген ниет менен Стамбулда майрамдоо чечими чыкты. Көрүнүп тургандай, баары сонун.
Которгон: Илгиз Жамалбеков