Латвиянын порттору Казакстандын жүктөрүн кабыл алууга даяр. Бул тууралуу эки тараптуу онлайн жолугушууда маалымдалганын Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Орусиянын портторунан Казакстандын экспорттук товарларын ташуудагы кыйынчылыктар жана Антверпен, Гамбург, Пириней, Роттердам жана Муггадагы транзиттик порттор жүктү кабыл алуудан баш тарткандыгына байланыштуу, жүк Латвиянын эң ири портторуна багытталат. Атап айтканда, Рига, Вэнстпилс жана Лиепая порттору Казакстандын транзиттерин кабыл алуу жана ага кызмат көрсөтүү боюнча макулдашышты. Казакстан портторунун кубаттуулугу жана жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жетиштүү, деп билдирди жолугушууда латвиялык тарап.
Которгон: Илгиз Жамалбеков