«Ядросуз дүйнө». Сеулда Казакстандын эгемендүүлүгүнүн жана Семей ядролук полигонунун жабылышынын 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды. Экспозицияда полигондун жана өзөктүк жардыруулардын кесепеттерин чагылдырган фотосүрөттөр жана тарыхый документтерди көрүүгө болот. Келгендер казак музыкасын угуп, англис жана корей тилдеринде Казакстан тууралуу китептер менен тааныша алышат. Экспозициянын дагы бир бөлүгүндө азыркы Казакстандын сүрөттөрү коюлган. Көргөзмө Эл Башы китепканасы менен Кореядагы элчилик тарабынан уюштурулууда. Жалпысынан корейлер үчүн Өзөктүк куралсыз дүйнө көргөзмөсүнүн мааниси зор. Учурда алар Казакстандын өзөктүк куралдан баш тартуу тажрыйбасын изилдеп жатышат. Түштүк кореялыктар Түндүк Корея өкмөтү өзөктүк куралсыз дүйнө демилгесине кошулат деп үмүттөнүшөт.
Пан Ги Мун, БУУнун Мурдагы башкы катчысы:
- Мен Семей ядролук полигонунда болуп, өзөктүк куралы бар мамлекеттер массалык кыргын салуучу куралы жок дүйнөнү курууга умтула аларын айттым. Казакстандын биринчи Президентинин бул мурасы түбөлүккө сакталат. Муну моюнга алып, 2009-жылы бештин айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы баш оона айынын 29у өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык күн деп белгилеген.
Ли Джон Гук, Корея фондунун вице-президенти:
- Өзөктүк куралсыздануу боюнча фотокөргөзмө корейлер үчүн чоң мааниге ээ. Ар бир кореялык өзөктүк куралсыз дүйнөнү кыялданат. Ошондуктан биз Казакстан өзөктүк куралдан баш тартканын жакшы түшүнөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков