Спортчуларга «Алтын тұғыр» сыйлыгы ыйгарылды

Казакстанда улуттук оюндардын күчтүүлөрү аныкталды. Борбор калаада улуттук спорт түрлөрүнүн мыктыларына «Алтын тұғыр» сыйлыгы тапшырылды. Талаа оюндарынын чыгаан спортчулары менен тажрыйбалуу машыктыруучулары баш байге менен катар ири акчалай сыйлык менен да сыйланышты. Павлодар аймагынын чүкө атуу боюнча ага машыктыруучусу -  Калибек Куан уулу үчүн бүгүн ийгилик жылмайган күн. Ал өлкөнүн мыкты машыктыруучусу деп аталса, анын шакирттери чүкө атуу боюнча мыкты команда деп табылды. Быйыл анын жетекчилиги астында спортчулар дүйнөлүк, эл аралык жана ички мелдештерде жеңишке жетишти.

Калибек Куан уулу, Павлодар облусу боюнча чүкө атуу спортунун ага машыктыруучусу:
- Павлодар облусунан быйыл 6 спорт чебери чыкты. Улуттук курамада 15ке жакын спортчу бар, жаш өспүрүмдөр жана чоңдор да камтылган. Павлодар облусундагы биздин командада 200дөн ашык оюнчу бар. Жалпысынан аймакта даярданып, ийримдерге катышып жүргөндөрдүн саны 2 миңден ашат.

Быйыл «Алтын тұғыр» улуттук спорт сыйлыгынын түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Жалпысынан мыктылар 10 номинация боюнча аныкталды. Казакстандын  улуттук спорт түрлөрү бирикмесинин курамында да ушундай федерация бар. Алардын төртөө быйыл түзүлдү. Атап айтканда, «Байге», «Салттуу жаа атуу», «Чүкө атуу», «Жамбы атуу», «Тогуз коргоол», «Тыйын эңмей», «Мүнүшкөрдүк», «Көк-бөрү», «Эр эңиш» жана «Ат спорту». Булардын бардыгы беделдүү мелдештерде өлкө намысын коргоп келүүдө.

Исламбек Салжанов, Улуттук спорт бирикмесинин президенти:
- Өлкөдө спорттун улуттук түрлөрү тез өнүгүп келе жатат. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, келерки жылы Астанада 5-Көчмөндөр оюндары өтөт. Президент өзү көзөмөлдөп отурат. Биз чоң даярдыктарды көрүп жатабыз. Бул биз үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик.

Быйыл эле улуттук спорт түрлөрүнөн өлкөнүн курамасы эл аралык деңгээлдеги 12 мелдешке катышып, 100дөн ашык медаль жеңип алды. Анын 35и алтын. Бүгүнкү күндө 500 миңден ашуун казакстандык ​​профессионалдуу түрдө салттуу оюндар менен алектенишет.

 Которгон: Илгиз Жамалбеков