Айдин Серикказин 4 жылдан бери өзгөчө даамы бар ушундай таттууну чыгарып келет. Абай районунун тургуну чийки затты жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн сатып алат. Бээнин сүтү иштетилгенден кийин да пайдалуу касиетин жоготпойт дейт ишкер. Бирок чүйгүн даамдын жарактуулук мөөнөтү аз, алты айдан ашык эмес. Ишкер коңшу аймактарды акырындап өнүктүрүп, Алматы, Астана, Балхаш, Семей, Өскемен шаарларына продукциясын жеткирип, эл аралык рынокко чыгууну кыялданууда.
Енлик Марданова, ишкер:
- Абдан даамдуу балмуздак! Туулуп-өскөн айылыбызда ушундай балмуздак чыгарылып жатканы бизди кубандырат. Башка түрлөрдөн биринчи кезекте өзгөчө даамы менен айырмаланат.
Айдын Серикказин, ишкер:
- Атайын машина саатына 80 кг балмуздак чыгарат. Продукциябызды чет мамлекеттерге экспорттоону пландап жатабыз. Бул казакстандык жаңы бренд болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков