Astana Hub менен инновациялык технологиялар паркы бириктирилет

Казакстанда Astana Hub менен Инновациялык технологиялар паркын бириктирүүнү сунушталып жатат. Бул өлкөдөгү маалыматтык-коммуникациялык экосистеманын өнүгүшүнө, ошондой эле IT стартаптарынын эл аралык технопаркынын ийгиликтүү тажрыйбасын башка инновациялык багыттарга жайылтууга өбөлгө түзөт. Мажилисте инновациялык секторду мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларына ушул жана башка өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору сунушталды. Документтин негизги жоболору менен санариптик өнүктүрүү министрлигинин биринчи вице-министри тааныштырды. Каныш Тулеушин белгилегендей, жарандык жана ишкердик кодекстерине, ошондой эле республиканын 8 мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү пландалууда. Алар 4 негизги блокко топтоштурулган. Мекеменин маалыматында, алгачкы экөө, эки паркты бириктирүү боюнча бардык мыйзам чыгаруу процесстерин жөнгө салууга, ошондой эле аларды каржылоого жана өзүн-өзү камсыздоого жетишүүгө тиешелүү.

 

Каныш Тулеушин, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос өнөр жайынын вице-министри:

- Үчүнчү блок - инноваторлор үчүн бирдиктүү терезенин маалыматтарын толтурууга багытталган, бул маалымат жеткиликтүүлүгүн борборлоштурууга жана колдоо чараларына мүмкүндүк берет. Ошондой эле венчурдук рынокту өнүктүрүү боюнча төртүнчү блок бар. Ал венчурдук фонддорду кошо каржылоого бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн баалоого багытталган. Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан эки негизги бөлүмдөн: инновациялык колдоо порталынан жана санариптик илимий порталдан турган улуттук инновациялык системанын бирдиктүү терезеси түзүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков