Арал деңиз аймагы экологиялык инновациялардын жана технологиялардын зонасы болот. Резолюцияны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы бир добуштан жактырды. Анын алкагында Арал деңизиндеги экологиялык, социалдык, экономикалык жана демографиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган аймактык иш-чаралар жана демилгелер колдоого алынат. Бул демилгени Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстан баш болгон 50дөн ашык өлкө колдогон.
Арал убагында дүйнөдөгү төртүнчү жабык деңиз болсо, азыркы учурда ал кургап, чакан суу сактагычка айланды. Көптөгөн балык түрлөрү, ошондой эле, аймакта жашаган жапайы жаныбарлар - Туран жолборсу, гепард, аккуулар, фламинголор, ак турналар жоголуп кеткен.
Азыркы учурда Арал деңизинин ачык калган бөлүгүндө 5,5 миллион гектардан ашык туздуу чөл пайда болду. Бул жерде чаң чыгып, атмосферага чаңды жана уулуу туздарды бөлүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. Экологиялык апаат миллиондогон адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна таасирин тийгизди. Медицина кызматкерлери кекиртек жана кызыл өңгөч рагы, ошондой эле, дем алуу, көз жана башка оорулар көбөйгөндүгүн айтышат. Арал деңизи мурдагыдай калыбына келе албайт, бирок жергиликтүү калк коргоого жана жардамга муктаж.
Которгон: Илгиз Жамалбеков