Конституциялык соттун судьяларына жасалма интеллект жардам берет. Бул
тууралуу «Дүйнө жана келечекке укук аркылуу» аттуу конституциялык сот
адилеттигинин эл аралык форумунда белгилүү болду. Адистердин айтымында, учурда
материалдарды издөөгө жардам бере турган, чет элдик Конституциялык соттордун
жана эл аралык уюмдардын тажрыйбасын эске алуу менен мүмкүн болгон чечимдерди
сунуштай турган атайын портал иштелип чыгууда. Бирок, мурдагыдай эле акыркы
чечимди судьялар кабыл алат. Мындан тышкары, портал жарандардын кайрылууларын
жөнөкөйлөтөт. Азыр алар башка каналдар аркылуу кабыл алынат: Е-otinish
жана Egov аркылуу. Мунун баарын бириктирүү пландаштырылууда.
Бакыт Нурмуханов, Конституциялык сотунун төрагасынын орун
басары:
- Азыр жалпы юрисдикциядагы соттордо
жасалма интеллекттин элементтери киргизилип, ар бир судья доо арыздарды талдап,
сот иштеринин тиешелүү категориясы боюнча бүткүл өлкө боюнча сот практикасын
көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Биз дагы кайрылууларды кароодо ушундай эле нерсени
жасоону, башка мамлекеттердин, эл аралык, соттук, укук коргоо мекемелеринин,
ошондой эле Казакстандын укук коргоо уюмдарынын конституциялык практикасын
талдоону пландаштыруудабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

