Мамлекет башчысы Вьетнам президенти Во Ван Тхыонг менен сүйлөшүү жүргүздү

Мамлекет башчысы Вьетнам президенти Во Ван Тхыонг менен сүйлөшүү жүргүздү

Казакстан менен Вьетнам жыл аягына чейин өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Үстүбүздөгү жылдын алты айында бул көрсөткүч АКШ валютасында 600 миллионду түздү. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыонг менен сүйлөшүү учурунда билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык, агро өнөр жайлык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана саясий мамилелерди баса белгилеп, анын экономикалык дараметин жогору баалай турганын айтты. Өз кезегинде Во Ван Тхыонг бул сапар эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын кайра жанданышына жаңы дем берерине ишенимин билдирди. Вьетнам тарап ошондой эле Казакстанды Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш деп эсептей турганын билдирди. Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында жалпысынан 12 документке кол коюлган. Алардын арасында эки өлкөнүн жарандарын визалык режимден бошотуу, мунай-газ тармагына инвестиция тартуу, электрондук сооданы өнүктүрүү, туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумдар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков