Инвесторлорду
тартуу стратегиясын өзгөртүү, бизнес менен өкмөттүн конструктивдүү диалогун
түзүү, акча-насыя, бюджеттик жана салыктык саясаттын өз ара байланышын
бекемдөө. Мамлекет башчысынын кайрылуусунда жарыяланган жаңы экономикалык
багыттын ушул жана башка принциптери ар тараптуу ойлонулган, эффективдүү жана
өлкөнүн жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган. Экономикалык изилдөө
институтунун адистеринин айтымында, бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасын жакынкы
келечекте казакстандыктар толук сезет.
Габит Матаев экономикалык изилдөөлөр
институтунун илмий- жетекчи кызматкери:
-Бүгүн көтөрүлгөн маселелердин көбү
түздөн-түз өлкөнүн экономикасына байланыштуу болду. Саясий реформалар ар бир
коом жана мамлекет үчүн өтө маанилүү экени түшүнүктүү. Бирок, Мамлекет башчысы
белгилегендей, бүгүнкү күндө биз экономикалык маселелерге жана жаңы
экономикалык саясаттын негиздерине, анын маанилүү багыттарына өзгөчө көңүл
буруп, артыкчылык беришибиз керек. Бул демилгелер коомчулуктун көпчүлүгү
тарабынан кабыл алынып, эң негизгиси айтылган маселелер жана багыттар,
комплекстүү иш-чаралар жакынкы үч жылда ишке ашат деп ойлойм. Бул чаралардын
конкреттүү натыйжасын өлкө эли күтүп
жатат.
Казакстандын жакынкы үч жылда экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы модели, атап
айтканда, ишкерлер жана инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө
негизделет. Чет элдик дипломатиялык өкүлдөрдүн айтымында, мамлекет башчынын
мындай чечими, анын ичинде Казакстандын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн
алкагында сөзсүз түрдө оң натыйжаларын берет.
Марко Альберт,
Италиянын Казакстандагы элчиси:
-Италия Казакстандагы
эң ири инвесторлордун бири, ошондуктан бизнес климаты биз үчүн чоң мааниге ээ
жана Президенттин бизнес-климат мамлекет менен жеке менчиктин ийгиликтүү
диалогунун натыйжасы деп айтканын угуу өзгөчө маанилүү болду. Бул бизнес
чөйрөсүн жакшыртуу үчүн узак жана татаал жол болуп саналат. Бирок, менимче,
жолдор ачык жана биз бизнес чөйрөнү жакшыртуу үчүн диалогдун ушул концепциясы
боюнча чогуу иштешибиз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков